КЭР ИИМ расмий өкүлү Чжо Лицзянь шаршемби күнү өткөн брифингде АКШ мамкатчысы Майк Помпео кайда барбасын дезинформация жана «саясий вирус» таратып жаткандыгын жар салды.

Буга чейин АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Чехияга болгон иш сапарында Россия Федерациясы Чехиянын коопсуздугуна шек жаратып, дезиформация таратуу менен киберсоккуларды жүргүзүп жаткандыгын, ал эми Кытай бардык жерде бизнеске контрол кылууга аракет кылаарын айткан. Помпеонун айтуусунда Россияга караганда Кытай демократияга алда канча олуттуу коркунуч жаратат.

Белгилей кетсек, АКШ менен Кытай ортосундагы мамилелер 2017-жылдан бери начарлап баштап, пандемиянын шартында «кансыз согуш» абалына чейин өсүп жеткен. Ал эми Дональд Трамптын «коронавирус Кытай тарабынан ойлонуп табылган» деп айтканы ансыз да араң турган эки өлкөнүн ортосундагы отко май тамызган.