Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин Жарлыгы менен,  2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган.

Ушуга ылайык, санариптештирүү процесси Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын дагы өзүнө камтыган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы №2 чечими менен кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган  “Санарип Кыргызстан 2019-2023-жж.”  санариптештирүү трансформациясынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча тиешелүү  иш-чараларды аткаруу боюнча иштер жүрүп жатат.

 Ишмердүүлүктүн бардык чөйрөсүн санариптештирүү боюнча биздин мамлекеттин саясаты өзүнө ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоону, укуктук тартипти камсыздоодогу ыкмаларды модернизациялоону дагы  камтыган.

 Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору К.А. Джунушалиевдин жетекчилиги алдында, жогоруда көрсөтүлгөн Консепцияны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жол картасындагы иш-чараларды аткаруу ИИМдин түзүмдөрүндө турмушка  ашырылууда. Санариптүү укуктук тартип жана калыстык- бөлүгү , жогорудагы документте ички иштер органдары тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумун өнүктүрүү, ички иштер органдарынын маалыматтык тутумун автоматташтыруу боюнча чаралар каралган.

   Ички иштер органдарын санариптештирүүнүн алкагында министрликтин ар кайсы бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү жаңыланды. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулду.  “Түндүк” автоматташтырылган  маалыматтык тутумга  киргизилген билдирүүлөр аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен онлайн режиминде маалыматтар менен алмашууга шарт түзөт.

   Андан сырткары, “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча ички иштер органдары жарандарга жаңы форматтагы кызмат көрсөтүү ишке берилди. Бул жаңы ачылыш мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумун өнүктүрүүгө жол ачты.

 Республика боюнча 2018-2019-жылдар ичинде “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча 7 борбор менен 16 райондук пунктар ачылды. Биринчи борбор Чүй ОИИББдин имаратында ачылган.

 Республика боюнча жарандар үч мамлекеттик кызматтарды алууга болот:    соттолгону-соттолбогону тууралуу тактамаларды; республиканын  ички иштер органдары тарабынан берилген лицензиялар, андан сырткары кооптуу жана жарылгыч жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын берүү кызматтарын көрсөтөт.

 Ал эми, Бишкек шаарында чет өлкөгө кетип жаткан жарандар үчүн документтерди апостилдөө процедурасы жүргүзүлөт.

 “102” кызматынын иши дагы жаңыланды. Бишкек ШИИББдин Ыкчам чараларды көрүү борборунун базасында Бишкек ШИИББдин Санариптештирилген командалык борбору түзүлгөн. Аталган борбор адамдарды таануу менен коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жүздөрдү таануу, андан сырткары, жарандардын кайрылууларына жана билдирүүлөрүнө ыкчам аракеттерди көрүү, кылмыштардын жана жоруктандын бетинин ачылышынын көбөйтүүгө мониторинг жүргүзөт. Бишкек шаары боюнча 60 видеокамера орнотулган. Адамдарын жүздөрүн таануу тутуму боюнча  издөөдө жүргөндөрдү кармоо ишке ашырылып жатат. Бишкек ШИИББдин Санариптештирилген командалык борборунун, “102” кызматынын иши  ыкчам-тергөө тобун жана Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерин токтоосуздан жөнөтүү менен корутундуланат.

 Муну менен катар бүгүнкү күнү  Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагы боюнча “Коопсуз шаар” жана “Унаа агымы”   долбоору жеткиликтүү болуп,  526 камера иштейт.  Кылмыштардын бетин өз убагында жана ыкчам ачуу максатында, ошондой эле көчөдөгү кылмыштуулук, анын ичинде каракчылык менен кол салуу, авто унаа каражаттарын уурдоо, жеке мүлктү уурдоо жана тоноо менен ийгиликтүү күрөшүү үчүн болгон “Коопсуз шаар” долбооруна жетүү мүмкүнчүлүгү бар, анда Бишкек шаарынын ИИББнын Санариптештирилген командалык борбордун имаратында аларды издөө мүмкүнчүлүгү менен онлайн режимде жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул көчөлөрдөгү кылмыштуулук, анын ичинде каракчылык, автотранспорт каражаттарын айдап качуу, жеке мүлктөрдү уурдоо жана тоноо сыяктуу кылмыштар менен  ийгиликтүү күрөшүүгө шарт түзөт.

Бүгүнкү күндө аталган борбордо  Бишкек шаарынын 6 кичирайонундагы  “Коопсуз кичирайон” долбоорун көзөмөлдөө  мүмкүнчүлүгү бар.

 “Коопсуз шаар” долбоорун киргизүү менен жолдордогу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюга мүмкүндүк болду. Анткени жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашкан  ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин жол кыймылынын катышуучулары менен түздөн-түз байланышуусу азайып, коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөттү десек болот.

Соттук-укуктук реформанын алкагында  2019-жылдын 1-январынан баштап, “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизилген. Бузууларды бирдиктүү реестри (ББР) — катталган бузуулар жана аларды жасаган жактар, ошондой эле аларга карата колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн багытталган автоматташтырылган маалыматтык тутум. “Бузууларды бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутуму  “Түндүк”  ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумуна киргизилип, “Коопсуз шаар” АМТна интеграцияланган.

 Андан сырткары, коомдук тартипти натыйжалуу камсыздоо максатында Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгын түзүү боюнча долбоор ишке ашты. Башында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши  чагылдырган макаланын биринде жалпы калк үчүн жаңылык болуп эсептелген кайрадан түзүлүп жаткан бөлүк жөнүндө өз пикирлерин билдиришкен.

  Өнүккөн материалдык-техникалык базаны, кадрдык потенциалды, кызматкерлерге берилген сый акыларды айтпаганда, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн  бардык багыттарына  оптимизациялоо жүргүзүлдү.

Ошондой эле, ички иштер органдарынын ишмердүүлүнүн санариптештирүү боюнча ишинде  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу иши жүргузүлгөн.  Соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган  Кыргыз Республикасынын жаңы укуктук-ченемдик актыларын талдоонун жыйынтыгында кемчиликтерди  жана коллизияларды аныктоо максатында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекси, Жазык-процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, “Пробация жөнүндө” Мыйзамы) иштелип чыккан.  Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешине кароого сунушталып,   жалпы 148 өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилдген.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 токтому менен бекитилген  «Кыргыз  Республикасынын  ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө”  Жобону жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ченемдик-укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жыл сайын жетекчиликке алуу менен   ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн сапатын комплекстүү баалоону жүргүзүп келет.

 Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө санарип технологияларын   колдонуунун натыйжасында 2019-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн комплекстүү баалоонун көрсөткүчтөрү өткөн жылдарга салыштырмалуу жогору болду. Көрсөткүчтөрдү жогорулаганынын себеби болуп баарынан мурда жаңы кодекстерди ишке ашыруу менен ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү шарт түзгөн ички иштер органдарынын   оптимизациялоо түрткү берди. 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши Ички иштер министрлигинде жүргүзүлүп жаткан иштерди ичинен билет, Кыргыз Республикасынын ИИМдин аппараты жетекчилиги  менен биргеликте акыркы эки жыл аралыгында өтө татаал жана алгылыктуу иштерди аткара алышты.

10-август күнү ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин төрагалыгы алдында  онлай режимде  Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясы болуп өттү. Анда 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү талкууланды.

   2020-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал шартында, оор маалда ишке ашырылды. Кырдаалга карабай, ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышты.

 Кылмыштуулукту алдын алуу, катталган кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүштү өз убагында жүргүзүү боюнча иштер алып  барылды.

2020-жылдын 6 ай ичинде ички иштер органдарында республика боюнча 63 097 кылмыштар менен жоруктар катталды. Республика боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны азайып, коомдук жайлардагы кылмыштуулук кыскарганы белгиленди.

Баткен облусунун чек арага чектеш райондорундагы ички иштер органдарынын иши күчөтүлүп жаткандыгы айтылды. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМде ченемдик-укуктук базасын өнүктүрүү боюнча иштер уланууда.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши Кыргыз Республикасынын ИИМде акыркы мезгилде жетишкендиктери көп, бирок ИИМдин бөлүктөрүнүн ишин мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча көптөгөн тапшырмаларды чечүү керек.

-Ар кандай маалыматтык тутумдарды киргизүү;

-Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;

-Ички иштер органдарына кадрларды натыйжалуу тандоо ж.б..

 Ал эми, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иштер органдарынын кадрдык курамы болсо, эпидемия маалында, Өзгөчө кырдаалдар режими, айрым аймактарда Өзгөчө абал режими киргизилгенден баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери оорунун жугуп калуу тобокелчилиги бар аймактарда болуу менен бир канча айдан бери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө. Эпидемия маалымда коронавирус илдети ички иштер органдарынын бир канча кызматкерлерине жугуп, ондон ашык кызматкер каза болду. Мындай кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши калктын кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинен ооруп калган кызматкерлерди медициналык реабилитациялоо үчүн жана кызматына тез кайтуу үчүн бардык шарттарды түзүп берүүнү суранат. Кызматкерлердин ден соолугунун абалы коом үчүн маанилүү. Анткени ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн комплекстүү баалоону жүргүзүү жарандардын жеке коопсуздугу менен коргоолусу, андан сырткары, коомдук-алдын алуу борборлорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана башка ички иштер органдарынын иши жөнүндө кызыктар болгон коомдук түзүмдөрдүн маалыматынан дагы көз каранды болот.

   Жалпысынан алганда Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлиги тарабынан ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылды жана келечекте дагы жасай турган иштери көп.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши жетекчиликке жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин аппаратына бекетилген иш-чараларды мындан ары ишке ашырууда ийгиликтерди каалайт. Ал эми өздөрү тараптан ички иштер органдарына ишмердүүлүгүнө байланышкан биздин калктын кызыкчылыгын бул мамлекеттик органдарга жеткирүү боюнча бардык күчүбүздү жумшайбыз.

Ялкун Даутов – Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук кеңешинин мүчөсү