“Манас” Эл аралык аэропорту 13-августта “Сибирь (S7)” авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Россиядан 171 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Петропавловск Камчат, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.