Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Ош облусуна иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ишкананын аткаруучу директору Мырзабек Жоробеков маалымдагандай, таш кесүүчү ишкана 2019-жылдын августунда ишке киргизилген.

Жергиликтүү рынокто продукцияга болгон талап чоң, ошондой эле коңшу Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолууда. Ишкананы уюштурууга 140 миллион сом, анын ичинде өздүк каражат жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясы жумшалган.

Ишкана жаңы үлгүдөгү технологиялар менен жабдылган, жогорку сапаттагы декоративдик курулуш плиталарын чыгарат. Технологиялык процесс экологиялык таза жана таштандысыз өндүрүштү берет.Мамлекет башчысы аймактык ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. «Каржы институттары артыкчылыктуу тартипте аймактардагы өзгөчө экспортко багытталган ишканаларды колдоого багытталууда. Жеңилдетилген ресурстардын көлөмү жыл сайын көбөйүүдө», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.