Эстрада ырчысы Анжелика Кайратова жакынкы күндөрү ишкерлерге бизнестин сырлары боюнча тренинг өтөт. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, сулуулук тармагында иштегенине көп жыл болгон. Ал жактагы тажрыйбасы менен бөлүшөт.

«Сулуулук бизнесинде иштеп жүргөнүмө 12 жыл толду. Бул бизнестин бардык сырын билем. 28-августта @lika_beautybar бир күн бою бизнес ачуу жана анын үстүндө талыкпай эмгектенип иштөө боюнча тренинг өтөм. “Лика” сулуулук дүйнөсү — жакынкы арада Москва шаарында бир нече салондорду камтыган торчо (сетка) түзүп жатат. Мен кызматташууга ар ар дайым ачыкмын, жана жаңы өнөктөштөр менен бат тил табышам. Мыктылар менен бир команда болуп иштөө- бул менин максатым»,-деди Кайратова.