Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны дүйнө жүзү боюнча 276 миңден ашса, бардыгы болуп 6,9 миң адам каза тапты.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму тараткан маалыматка ылайык соңку 24 саат ичинде 276 398 жаңы учур катталып, 6933 бейтап аталган илдеттин айынан бул дүйнө менен кош айтышты. Ошентип, жалпы жуктуруу учурларынын саны 20 439 814 адамды түзсө, 744 385 бейтап каза болду.