Н.Ф. Гамалеи атындагы Эпидемиология жана микробиология илимий-изилдөө институту тарабынан ойлонуп табылган вакцина коронавирус илдетинен бери дегенде эле эки жыл коргойт. Бул тууралуу аталган илимий борбордун директору Александр Гинцбург «Россия 1» телеканалына билдирген.

Белгилей кетсек, Россия COVID-19 илдетинин алдын алуу боюнча препаратты дүйнө жүзүндө биринчи болуп каттоодон өткөргөн.

Вакцинага клиникалык сыноо өткөрүү учурунда SARS-CoV-2ге карата бардык ыктыярчыларда антителалардын жогорку титрлери иштелип чыккан жана эч кандай кошумча таасирлер байкалган эмес.