Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматынын кызматкерлери тарабынан райондун аймагында үй-бүлөлүк зомбулук, өзүн-өзү өлтүрүү (суицид), сууга чөгүүлөрдү болтурбоо, мигрант ата-энелердин балдарын жана жаш өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу учурларындагы тартип бузуусун көзөмөлдөө максатында, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, күч түзүмдөрү жана балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте район аймагындагы айыл аймактарда чакан форматта чогулуштар өткөрүлүп, протоколдор түзүлүп, жергиликтүү тургундарга өзгөчө көзөмөлгө алынган атуулдар менен иш алынып баруу улантылууда.

Ошону менен катар милициянын профилактикалык каттоосунда турган, чыр-чатактуу жана социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөөлөрдүн саны такталып, милициянын участкалык уполномоченныйлары тарабынан алдын-алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Нет описания.
Нет описания.
Нет описания.