“Семетей” госпиталы жабылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн “Семетей” госпиталынан коронавирус менен ооруган акыркы 8 бейтап сакайып чыккан.

Жалпысынан стационар 47 күн иштеген. Ал аралыкта стационарда 1 миң 500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланган.

Белгилей кетсек, учурда күз-кыш мезгилдерине, экинчи толкунга даярдык көрүү иштери улантылып жатат. Бул убакыттын ичинде шарттарды жакшыртып, көйгөйлөрдү чечүү жана лаборатория түзүү пландалууда.