Индия бийлиги «Заманбап курал-жарактарды сатып алууларды тездетүү тууралуу» чечим кабыл алды. Бул тууралуу The Times of India гезити жазып чыккан. Маалыматка ылайык Индия Коргоо министрлиги индия аскеринин кубатын арттыруу үчүн АКШдан узак аралыкка учуучу MQ-1 Predator учкучсуз учактарды жана деңиз модификацияларын сатып алууну пландоодо.

Мындан сырткары россиялык-индиялык биргелешкен Indo-Russian Rifles Private Ltd ишканасында АК-203 маркасындагы 700 000 автоматтын чыгарылышын тездетүү тууралуу дагы чечим кабыл алынган.

Мындай 1,17 млрд. доллар өлчөмүндөгү суммага курал-жарак сатып алуулар өткөн айда чек арага жакын жайгашкан Ладакх аймагында индиялык жана кытайлык аскерлердин ортосунда болуп өткөн куралдуу кагылышуулар менен байланыштуу.