Британиялык окумуштуу-генетик Тим Спектор Daily Mail гезитине берген маегинде туура тамактануу тууралуу эл ичинде жайылып кеткен эрежелердин көбү миф экендиги тууралуу пикирин айтты.

Адистин айтуусу боюнча эртең мененки тамакты буга чейин айтылып келгендей сөзсүз түрдө эле ичүү зарыл эмес. Буга чейин айтылып айтылып жүргөндөй ашказан куру иштеп баштап, өзүн-өзү жеп эмес, тескерисинче 12 сааттан ашык ачыгуунун натыйжасында инсулин көлөмү азайып, арыктоого жакшы шарт түзүлөт.

Ошондой эле ал балыктын пайдасы тууралуу имиш-имиштер дагы өтө эле апыртылып жиберилгендигин айтат. Себеби балыктагы омега-3 кислотасынын баш мээге болгон таасири алигиче толук изилденип бүтө элек.