Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары, Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирди. Маалым болгондой, ал бул кызматка 2018-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин буйругунун негизинде кызматка дайындалган.

Максат Дамир уулу 1985-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. 2008-жылы Кыргыз агрардык университетин аяктаган. Кийин АКШнын Вартбург колледжинде экономика, Кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунда (KRJC) бизнес башкаруу адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

2007-2008 — Counterpart International Inc. ишканасында программалык менеджер;

2009 — «Мол Булак Финанс» компаниясында экономист;

2009-жылдан азыркы күнгө чейин — Kyrgyz Tour Service компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири;

2010-2011 — Соода жана бажыны либерализациялоо боюнча аймактык долбоордун (USAID) Борбордук Азиядагы эксперттик өнөктөштүк боюнча координатору;

2014-2015 — CAI Consulting консалтинг жана иликтөө борборунун аналитиги;

Акыркы жылдары «КР Жогорку Кеңеши менен кызматташуу» жана «Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү» программаларында эмгектенип жүргөн.

2018-жылдын 20-ноябрында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору болуп иштеп келген эле.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.