Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил бакка коронавируска каршы күрөшкө салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуш кылган.

«Замандаштар өз баатырларынын элесин түбөлүккө сактап калууга аракет кылышат. Биз да Адинайдын элеси көп жылдар бою сакталып калышын каалайбыз. Бул сейил бакка келген ар бирибиз Адинайдын жана биздин баатыр дарыгерлерибиздин жаркын элестерине таазим этели», — деген Жээнбеков.