Жубайлар ортосунда бири-бирин таарынтып алуу, болбогон нерселерге кыжырдануу ар бир эле үй-бүлөдө боло турчу көрүнүш. Албетте адам болгонсоң кимден гана катачылык кетпейт. Ошон эле учурда адам баласы бир калыпта туруп калбай өзүн өнүктүрүп, эң башкысы жолдошуна татыктуу жар, жубайына камкор жолдошу болууда бул кеңешти жашооңузга колдоно жүрсөңүз ашыктык кылбайт.

1. Ишениңиз, бирок сүйүүсүн текшериңиз. Татыктуу кызганыч сүйүүнү бекемдейт. Андыктан сизге баары бир эмес экенин сездириңиз. Ал кимдер менен мамиле түзүп, кимдер менен иштегени тууралуу биле жүрүңүз. Бирок чектен чыгып ашыкча кызганып, уруш-талашка чейин жеткирбеңиз! 

2. Эркек таш эмес. Ошондуктан келбетиңизге көңүл буруп, өзүңүздү жакшы алып жүрүңүз. Анын алдында жарашыктуу кийинип, дайыма жагымдуу жыттанып туруңуз.

3. «Сүйүү бара-бара өчүп жок болот» деген сөзгө ишенбеңиз. Бул туура эмес. Сүйүү убакыт өткөн сайын өсүп, көбөйүп турат. Болгону маал-маалы менен “коломтого отун таштап” турсаңыз, от жалындай берет.

4. Үй-бүлөлүк сырды сактай билиңиз. Үйдөгү маселени башка бирөөгө айтканда анын кеңеши, тескерисинче, залакасын тийгизиши мүмкүн.

5. Балдардын көзүнчө жолдошуңузга өйдө карап сүйлөбөңүз, себеби бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.

6. Күйөөңүздү дароо эле күнөөлөп кирбей, актоону үйрөнүңүз. Эгерде ал сизди таарынтып койсо, “балким, ал чарчады”, “балким, анын маанайы жок” жана башка.

7. Дайыма ишенимдүү болуңуз. Айрыкча башына кыйынчылык түшкөндө колдооңузду унутпаңыз. Жолдошуңуздун жападан жалгыз
жакын адамы сиз экениңизди унутпаңыз.

8. Жолдошуңуз эс алып жатканда балдардын ызы-чуу салуусуна жол бербеңиз. Үйүңүздүн дайыма таза, иреттүү болушуна көңүл буруңуз. Маал-маалы менен үйдөгү буюмдардын ордун алмаштырып туруңуз. Мүмкүн болсо бул иш менен чогуу алек болуңуздар,  анткени чогуу жумуш жасоо түгөйлөрдү бири-бирине
жакындатат. 

9. Өзүңүздүн ийгиликтериңизди жолдошуңуз менен тең бөлүшө билиңиз.

10. Үй жумуштары менен көбүрөөк алек болууга аракет кылыңыз. Себеби жумуш жасоо стресстен арылтат!

11. Жашоодогу кайгылуу окуяларды эстебей, тескерисинче, кубанычтуу,  маанайды көтөрө турган учурлардан эстеңиз.

13. Түгөйүңүздүн жумушун түшүнүүгө аракет кылыңыз. Жумуштан кеч келсе ачууланбай тосуп алып, алыска иш сапарына
кетип баратса жакшы маанайда узатыңыз. Келгенде жакшы жаңылыктардан сөз баштаңыз. Сиздин аябай күткөнүңүздү, 
сагынганыңызды сезсин.

14. Романтика үчүн убакыт табыңыздар. Чогуу сейилдеп, жаратылыш койнунда чогуу эс алыңыздар. Мындай аракеттер чыңалуудан арылтат.