Бүгүн, 14-августта президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Ариф Алвини жана Пакистан элин улуттук майрамы Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бизди тарыхый жана маданий жакындыкка негизделген салттуу достук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташтык байланыштырып турат.

Ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн зор дараметке ээ болгон кыргыз-пакистан мамилелери эки элдин бакубаттуулугу үчүн мындан ары да өнүгөрүнө терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Ариф Алвиге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми Пакистан элине тынчтык жана өнүүгү каалады.