СДПКда ырк кетти. Белдүү депутаттары партиядан чыкты

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү, КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракция башчысы Иса Өмүркулов, мүчөлөрү Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев, президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Анарбек Калматов КСДПнын лидеринин милдетин аткаруучу Анвар Артыковго партиядан чыгуу тууралуу арыз берди.

Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.