2021-жылы Түркиянын Бурса провинциясында өтө турган Көчмөндөрдүн төртүнчү дүйнөлүк оюндарына даярдык расмий башталды.

Бул тууралуу Кыргызстандагы аталган өлкөдөгү элчилигине таянуу менен Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаштар жана спорт дирекциясы менен Салттуу спорт федерациясы протоколго кол койгон.

«Кол коюу аземинде түрк тарап Оюндардын негиздөөчүсү катары Кыргызстандын ролун белгилеп, иш-чаранын дүйнө жүзүнө таанылуусуна кошкон салымын баалады. Даярдык тууралуу маалымат берип жатып, КР тарабынан калыптанган салттуу көрүнүштөр ошол боюнча каларына ишендирди. Оюндар Изник көлүнүн боюнда өтмөкчү», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Көчмөндөр оюндары биринчи ирет Кыргызстанда  — 2014, 2016 жана 2018-жылдары Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, кийинки кезек Түркияга берилген.  

Эки жылда бир өтчү иш-чара быйылкы эпидемиологиялык абалдан улам 2021-жылга жылдырылган.