КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаевага ордо калаада коронавирус күчөп турган маалда жардамга муктаж жарандарга жана дарыгерлерге кайрымдуулук иштерин жүргүзгөнү үчүн Бишкектин Октябрь районунун администрация атайын ыраазычылык баракчасы менен сыйлады. Бул тууралуу ырчы айым соцтармактагы баракчасына билдирди.

«Менин ‘АПАМ жана МЕН»жетектеген фондго,Бишкектин Октябрь районунун администрация башчысы, аким Дороев Азамат Кубанычбековичке чексиз ыраазычылыгымды айтам. Жааматыбыз да суйунуп жатабыз. Жаш корогоч, ушундай жетекчилер менен сыймыктанабыз»,-деди Нарбаева.