2020-жылдын 13-август күнү Ош шаардык ИИБ боюнча жаңы милициянын кайгуул кызматынын 219 бош кызмат орундарына талапкерлер тестирлөөдөн өтүштү. Сынакты жаңы жарыялаганда 497 талапкер арыздарын жана билдирүүлөрүн тапшырышкан: анын ичинен 264 жөнөкөй жарандар.

 Тестирлөөгө 471 талапкер катышууга уруксат берилип, жеке көйгөйлөрүнө байланыштуу 378 талапкер катышып, жалпы билимди баалоо жана усулдук окутуу борборунун жыйынтыгы боюнча 310 талапкер тестирлөөнү ийгиликтүү өтүшсө, 67 талапкер өткөн эмес. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен талапкерлер «www. guobdd.kg» сайтында кирип таанышса болот. 17-18-август күндөрү Ош шаарынын К. Маркс көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан А. Сүйүнбаев атындагы стадиондо тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшырат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшырууга кое берилгендер тизменин негизинде таңкы саат 07:30 кечикпестен жогоруда көрсөтүлгөн дарекке келип калууларын суранат. Талапкерлер жанына спорттук кийимдерди жана өздүгүн тактай турган документтерди алып алуулары зарыл. ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы