Иран Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, муну менен Иран Кыргызстанга экинчи ирет гуманитардык жардам берип жатат.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземине Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы К.Шадыханов, Кыргызстандын Ирандагы элчиси А.Абдуразаков жана Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази катышкан.

«Иран тарабынан өздөрүндөгү коронавирус менен күрөшүүдөгү кыйынчылыктарына карабай гуманитардык жардам көрсөтүп жатканы эки өлкө ортосунда өз ара колдоого негизделген боордоштук алака бар экенин тастыктайт», — деп билдирет министрлик.