Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова социалдык баракчасына жоолук салынганын сындап пикир жазгандарга жооп берди. Пикир калтыргандардын арасында  таанымал жазуучу жана куудулдарды көрүүгө болот.

“Жоолук салынган күндөн баштап ушундай чабуулдар бүтпөй койду. Аттиң, жоолуктан аркысын көрө албаган адамдар бар экени өкүнүчтүү. Жоолуктун ичинде жалындаган, улут жана эл үчүн күйгон жүрөк бар экенин кайдан билишсин. Ушулардын баарын жазып аткан фейсбуктагы байке- эжелерди жеке тааныйм, алдыларынан кыя өткөн эмесмин. 5 жыл маданият министрлигинде иштегенимде да көп көрүштүк, пикир алышкан күндөр болгон. Азыр аларга ачуу сөздөрү үчүн таарынбайм. Бактылуу болушсун. Болгону, араптарга сатылгансын, Айтматовду сүйлөгөнгө акын жок дегени ойлондурду. Айтматов силердики да, меники да эмес, жоолукчан же жылаңачтыкы дагы эмес. Либерал, демократ, ак же сары, академик же жөнөкөй мугалим меники дей албайт, ал ЭЛДИКИ! Баарыбыздыкы. Ал улут сыймыгы…

Кимдин элге кандай жарыгы тийип атат, бул башка маселе…

8 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенем, окугула деп ар бир регионду кыдырып бекер сабактарды өтөм, ай сайын муктаждарды жана жетимдерди акысыз окутам. Азыр да телеграммда он беш мин үч жүз адамга күнүгө сабак өтөм. Элге кызмат кылгым келбеген жаман ойлуу бирөө болсом- эмгиче айтып чыгышмак го…

Кыскасы, алган 3 жогорку билимим, 15 жылдык тажрыйбам, чет тилдерде сүйлөгөнүм- жоолук салынганда өзүнөн өзү жок болуп кетип, заматта араб болуп калдым дей албайм. Ыйманым, ишеничим, кыргыз экениме сыймыктануум дагы күчөдү. Аллах колдосун! Буга чейин улуттук көйнөктөрдү жана элечекти менчелик көп кийгендер аз. Ким эмнени көргүсү келсе, ошону гана көрөт тура. Жакшы жактарымды көп айткан силердей асыл адамдар (катталуучуларым) көп экени кубандырат. Бар болгула. Купалникчен бир кыргыз кызына караганда, жоолукчан кыздын болгону жакшы эмеспи? » -деп жазат ал.