Кытайда жаңы заманбап шаар курулат. Аны курууда эпидемия күчөп турган маалдагы бардык жашоо-тиричилик өзгөчөлүктөрү эске алынат.

Бул үйдүн долбоорун иштеп чыгуу Guallart Architects архитектуралык бюросуна тапшырылган. Шаар Бээжинден 100 километр алыстыкта болот. Ал өзүнө салтуу европалык планировканы, заманбап кытай стилин жана айыл чарба ландшафтын камтыйт.

Кызыгы, шаардагы үйлөрдүн чатырына күнөсканалар курулуп, ар бир имаратта жамгыр суусун чогултуу үчүн түзүлүштөр орнотулат. Чогултулган мындай суулар тазаланып, ичүүчү суу катары шаар тургундарына берилет.