Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, жаш акын жана теле алып баруучу Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Акбар Кубанычбеков Нарын облусунун, Ат- Башы районуна караштуу Кара- Суу айылында төрөлгөн. 2015 –жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз филология факультетин артыкчылык менен аяктаган. Учурда Республикалык “Шайыр апалар” теледолбоорунун алып баруучусу, Эл аралык Silk Road мектебинде “Кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенет.

Бүгүнкү күндө Акбар Кубанычбековдун калеминен жаралаган ырлардан саны 300гө жетип, “Периштенин канаты” жана “Бир күн” китептерин басып чыгарууга жетишти. Анын ырларын учурда кыргыз эстрадасынын жоон тобунун өкүлдөрү ырдап, эл сүймөнчүгүнө айланды. Алсак, КТРКнын гимни, Мирбек Атабековдун аткаруусундагы “Мурас” ыры, пандемия шартында жарык көргөн “Адамга адам керек” жана башка белгилүү ырларлардын сөзү Акбар Кубанычбековго таандык.

Жаш акын Акбар Кубанычбеков Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси жана Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү. Бүгүнкү күндө ал чыгармачылык иштерден сырткары коомдук иштерге активдүү катышуу менен бирге, чет өлкөлөрдө да поэзия кечелерин уюштуруп, окуучулар менен белгилүү инсандар ортосунда жолугушуу кечелерин байма- бай өткөрүп келет.