Перунун Лима шаарынын тургуну өзүнүн өмүрлүк жары чоочун эркек киши менен убакыт өткөрүп жүргөн жеринен билип алды. Муну билүүдө ушак айың аркылуу эмес, аялынын кол телефонундагы кат-кабарлар дагы жардамга келген.

Ошондой эле аялы башка эркек менен бирге жүргөн кезде жубайы Google карта белгисин баспаганда, ойношу менен отурганын билбей калмак.

Ойношу менен чогуу убакыт өткөргөнү тууралуу тартылган кадрлар Перу шаарындагы көпүрүлөрдүн биринде отургучтарда тартылып алынган. Анда кара футболка, ак көйнөк жана джинсы шым кийген кара чачтуу аял отурганын көрүүгө болот. Ал эми ойношу аялдын тизесине башын жөлөнүп жаткан.

Булардын романтикалык карым-катнашын байкап, аялын жазбай тааныган күйөөсү жубайына окуяны айтканда ал мойнуна алып, акыры алар ажырашууга мажбур болушкан.