Белгилүү төкмө акын Баян Акматов манасчыларга үй берилгенин сүйүнчүлөп «Фейсбук» баракчасына жазып калтырды. Анын айтымында, акыркы убактарда эл ичинде суурулуп чыккан таланттар бааланып жатканын кошумчалады.

Жакшы жаңылыктар бар. Азиз Биймырза, Мамбеттокто, Эсенбек Кийизбаев деген таланттуу жигиттерди билесиздер да? Анан эмне болуптур дебейсиздерби? Үчөөнө үй белек кылыптыр. Саякбайдын жолун улап, Арстанбек, Жеңижоктун оюн улап, улут уңгусун туу туткан уул-кыздарыбыз батирлеп жүрбөгөнү кандай сонун. Азиза Мамбетказиева деген эжеке марттык кылып Кажы-Сайдын жээгинен калдайган үч үйдү белек кылыптыр. Кут болсун! Үч жигиттин үйлөрүндө Манас айтылып, ыр жаралып, уул жаралып бапыраган үй-бүлө болуңуздар!”,-Баян Акматов.