“Жапон Таймс” гезити  жазгандай,үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда, түнкү саат 2:30 чамасында (жергиликтүү убакыт — ред.) Токионун жашоочулары жарылууну угушкан.  Кийинчерээк эксперттер күчү 150 тонна диаметри болжол менен 1,6 метр жана салмагы 5,5 тонна болгон метеорит жерге кулаганын аныкташкан.

Окумуштуулардын эсептөөлөрүнө ылайык, метеорит атмосферага 14 км / сек ылдамдык менен кирген, анын тыгыздыгы 3 тонна / куб метрди түзгөн.

Метеориттин сыныктарынын ичинде мурун табиятта болуп көрбөгөн минерал табылган.

Илимпоздордун айтымында, ал байыркы өлгөн планетанын өзөгү, анын бир бөлүгү Жерге түшкөн.

Видео байкоого тартылган тасмадан, метеориттин аба жиреген коркунучтуу үнү жана андан чыккан жарыкты көрүүгө болот.