Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына өлкөнүн жергиликтүү сотторуна судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 14 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Алардын ичинде Нарын облустук соту, Жалал-Абад жана Ош шаардык сотторундагы бош кызмат орундарына 1ден талапкер, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна 9 талапкер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна 1ден талапкер көрсөтүлгөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка 13 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, Мамлекет башчысы судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 13 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары чыгарылды.

Биринчи Жарлык менен Жапаров Мамасадык Токтосунович жана Шерматов Миран Бакытбекович 5 жылдык мөөнөткө биринчи жолу жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалышты.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди:

—  Ош шаардык сотуна:

Жапаров Мамасадык Токтосунович;

— Жалал-Абад шаардык сотуна:

Шерматов Миран Бакытбекович.

Кийинки Жарлыктар менен тандалып алынган 11 судья жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна жаш курагы чегине чейинки мөөнөткө дайындалды жана сот ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди:

— Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна:

Адамкулов Чынгыз Толокович;

— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна:

Орозова Дамира Токтоналиевна;

–Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна:

Ибраимова Жылдыз Белековна;

— Касымбеков Алмаз Салмоорбекович;

— Саадабаева Гульзат Аскербековна;

— Саргалдакова Гульмира Зарлыковна;

— Сабырова Жыпар Жумадиловна;

— Смаилова Асел Асылбековна;

— Тургунбекова Гаухар Рафиковна;

— Чотонов Санжар Бейшенкулович;

— Шин Галина Алексеевна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.