Кыргыздын миллиондорун уурдап качкан коррупционерлер чет элде дардаңдап бизнес кылып, аны ачык көрсөтүп мактанып жүрсө…

Кача элек коррупционерлер улам бири бири менен биригип, “тамчы суудан тазабыз” деп шайлоого чуркап жүрсө…

Ушунун баарын жутуп, кечирип, кол шилтеп, 10 миң сомдук айлыгы тийсе “камоктогу карызды төлөп коюш керек эле” деп кыргызым отурса. Керек болсо шайлоодо ошолордун пулун алып калайын деп колун ушалап атса…

Алар алданып калбагай эле, айлыгы көбөйсө, билими менен сезими өссө башкача чечим кабыл алмак деген прогрессивдүүлөр бириге албай дыркырап атса…

Мындай болгондо азыркы шайлоодон кийин эч нерсе өзгөрбөйт. Керек болсо революциялардан кийин эч нерсе өзгөрбөдү. Элди, коомду оңдоонун, агартуунун өзүм үчүн эффективдүү жолун журналистикадан көрүп турам.
Антикоррупциялык иликтөөлөр, технологиялык жаңылануу, чет элдеги дурус өзгөрүүлөр, ак эмгеги менен зор ийгиликке жеткендер ж.б. тууралуу берүүлөрдү улантабыз.

Мени “саясатка бар, шайлоого катыш” деп үмүт артып, үгүттөгөн мекендештерге, катарына чакырып, тыйының жок болсо да кабыл алабыз деп талкуу жүргүзгөн партия лидерлерине чоң рахмат! Бийликчил партияга кошом деген акелериме андан чоң рахмат!

Абдан акылдуу, билимдүү достор, ага-эже, ини-карындаштар баратышат, насыя жаманатты болуп калбашын, мокобошун каалайм.

Али Токтакунов