Казакстан Сенатынын мурдагы төрагасы Дарига Назарбаева Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдина небереси Айсултан каза болгонун тастыктады.

Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына: «Менин үй-бүлөм сүйүктүү Айсултандын дүйнөдөн өткөнүнө катуу кайгырууда», — деп жазган.

Дарига Назарбаева коомчулуктан үй-бүлөсү үчүн орду толгус жоготууга түшүнүү жана урмат көрсөтүүнү суранды.

Айсултан Назарбаевдин өлүмү тууралуу кечээ казак маалымат каражаттары жазышкан. Учурда өлүмдүн себеби иликтенүүдө. Анын  жүрөгү токтоп калуусу мүмкүн  деген божомолдор айтылууда. Айсултан Назарбаев 30 жашта болчу.