Ысык-Көл облустук милициясы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалганын билдирди. 

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарында Нуке аттуу каймана аты бар адам үйүндө баӊгизат сактап жүрөт деген маалымат түшөт.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 267-беренесинин 1 бөлүгү («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында ал уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган, Чолпон-Ата шаарынын 23 жаштагы тургуну Э.Э. болуп чыкты. Шектүүнүн үйүн тинткенде желим баштыктан 295 грамм марихуана табылган», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамсыз баӊгизатын сактаганы үчүн кармалган жаран сот баш коргоо чарасын тандаганга чейин Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.