РФнын Федерация Советинин мүчөсү, сенатор Алексей Пушков, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко оппозициянын өкүлдөрү менен кагылышууда эмне үчүн аларга сөзсүз жеңилээрин түшүндүрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында билдирген. Муну 17-августта LENTA.RU маалымдады.

Россиялык сенатор, «маалымат талаасында утулдуң дегиче» артынан «сөзсүз жана кайрылгыс түрдө» саясий талаадагы жеңилүү жана бийликтин алмашуусу ишке ашат, деп белгиледи.

Пушковдун сөзү боюнча, азыр негизги кармаш маалымат тармагында жүрүүдө. Белоруссиянын ММКлары, бүгүнкү күндө бүтүндөй өлкө боюнча элдин нааразылыгы протестке айланып жаткан абалда, «коомду толкунданткан курч темаларды» чагылдырбоого аракеттенип жатышат. «Мындай абал оппозицияга маалымат тарабынан утулуунун ынанымдуу рецепти. Бул Лукашенкого жакшылык алып келбейт», —деп жазды сенатор. Анан, төмөнкү сапаттагы маалымат менен жогорку деңгээлде саясат жүргүзүү мүмкүн эмес, деп кошумчалады.