Дубай бийлиги аэропорттогу жүргүнчүлөрдөн коронавирусту аныктоо үчүн кинологдордун иттерин колдоно баштады. Бул тууралуу «Travel and Leisure» басылмасына таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, изилдөөнүн жүрүшүндө иттердин тактыгы 92 пайызды түзгөн.

Дубай аэропорту коронавирус менен күрөшүүдө мындай ыкманы биринчилерден болуп колдонууда. Иттер адамдар менен байланышпай туруп, дистанциялык түрдө иш алып барышат.

Белгилүү болгондой, Дубайда туристтер үчүн чек ара июль айында ачылган. Туристтерден саякатка чейин 96 саат калганда алынган COVID-19 тестинин терс натыйжасын алышы керек.

Маалым болгондой, иттердин жыт сезүүсү адамдарга салыштырмалуу бир нече эсе курч. Ошондуктан аны жарылуучу каражаттар жана баңгизат таабууда колдонушат.