Латвиялыктар  эс алуунун жаңы түрүн ойлоп табышты. Айнектен курулган үй Гаужа улуттук паркы аркылуу агып жаткан дарыянын үстүнө токтойт.

Үй Амата дарыясынын үстүндөгү кабельдердин жардамы артында  жылып, аралыктан пульт аркылуу башкарылат

Үйдүн ичинде эки керебет коюлган. Мындай эс алуу бир суткада 160 еврону түзөт. Кааласаңыз, жергиликтүү өнүмдөр менен эртең мененки же кечки тамак-ашка буйуртма кыла аласыз.

Айнек бөлмөнүн ичинде  душ да, даараткана да жок экенине карабастан, анда эс алууну каалагандардын саны арбып, кезекке турушкандар көп.  Жайдын соңуна чейин бардык түн  брондолгон.

Коронавирус пандемиясынын шартында, Латвияда, башка көптөгөн мамлекеттерде, ички туризм популярдуулуктун туу чокусунда. Көпчүлүк жарандар  чуусу көп  шаарлардан алыс жерде эс алууга кетишүүдө.