Бүгүн, 17-августта «Шератон» мейманканасында “Бир Бол” саясый партиясынын съезди өтүп жатат. Анда экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов партия азыркы өкмөткө оппозиция болуп калат деп билдирди.

“Өлкөдөгү реформалар үчүн өкмөттүн күчтүү эрки жана күчү болушу керек. Күчтүү өкмөт күчтүү парламент менен гана чыгышы мүмкүн. Парламент реформалардын жана өзгөрүүлөрдүн башкы идеологу.

Алсыз парламент алсыз өкмөттүн түзүлүшүнө алып келет, алсыз өкмөт мамлекеттин алсырашына алып келет. Күчтүү парламент күчтүү өкмөттү түзөт, күчтүү өкмөт мамлекеттин гүлдөп өнүгүшүнө алып барат. Биз азыркы бийликке оппозиция болобуз. Күчтүү оппозиция – бул жооптуу өкмөт ” – деди ал.

Эскерте кетсек, «Бир бол» партиясынын курамына бизге жеткен маалыматка караганда, блогерлер жана жаштар, мурунку эски жүздөр кирген. Тизмеге кире тургандар бүгүн анык болот.