Бир жерге күлү додо болбогон, көпкө бир жерде отура албаган, бир нерсе болсо энесине таарынган эрке баладай эшикти тарс жаап чыгып кетип, башка бирөөнүн эшигин каккылап, кирип барып төрүнө өтүп  көнгөн  «Комиссар Катани», т. а. генерал-майор Өмүрбек Суваналиев, бүгүн дагы өзүнүн репертуарында. Шайлоого аз калганда өнөкөт оорусу кармап,  Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп туруп, бийликтин элдешпес “досу” Мадумардын уулу Адахамдын төрүнө өтө качыптыр.

 “Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” демекчи, көнгөн адат калбайт экен да. Бул өйүздөн тигил өйүзгө өтө качып, саясий упай топтойм деп ойлоп жатабы же азыркы бийликтин берген кызмат ордуна ыраазы болбой жатканбы, айтор, балит оюнун дагы баштаптыр. Же ушинтсем эле жогору жактан чоң кресло сунуштай салабы деп үмүттөнүп жатабы, ким билсин?   

Суваналиевдин жеке саясатта гана эмес мамлекеттик кызматта дагы туруксуз экендигин жакшы билебиз. 2005-жылы Баткенге барбайм деп эшикти тарс жаап чыгып кетсе, 2010-жылдын июнь айында башталган түштүктөгү кан төгүү учурунда дагы Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчылыгын милдетин аткаргым келбейт деп, ал постту да таштап кеткен. Ортодон президент болгусу келген да жагы бар. Бир жерде бир жылдан ашык иштей албаган оорусун дагы белгилей кеткен оң. Эмгек жолун тизмектесең этегине жете албайсың.

Саясатта дагы ушундай эле туруксуз. Тээ бир кездерде ушинтип  “Ата Журт” партиясына өтүп кетип, Камчыбек Ташиев менен теңтөрага болгонуна көп убакыт боло электе, “Кыргыз жери” деп аталган жаңы саясий партия түзө салып, ал жактан да иши жүрүшпөөрүн түшүнүп, бирин-экин аты-жыты чыкпаган саясатчыларды кошо калып, кайра аны  “Эл добушу” деп аташкан. Азыр болсо ал партиясынын аты-жыты да жок.

Атактуу кылмыш иликтөөчүнүн саясат айдыңындагы саякаты ушуну менен токтолгон жок. Бир убактарда “Бириккен фронтко” кирип штабды башкарды. Бирок  Апрель окуясынан кийин камалып, ордуна өзүн ээрчип жүргөн жаш балдарды калтырып, камырдан кыл суургандай чыгып кеткен. 

2013-жылы “Каршылык көрсөтүү” деп аталган оппозициялык кыймыл түзүп, өзүнүн кичи мекени колдойт деп ишенип, Таласка  барды эле, таластыктар кууп чыгышкан.  Ошентип, он жылдан бери ишсиз жүргөн. 2019-жылы февраль айында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындап койду эле, эми минтип “Жылаан чакпай, жылкы теппей” “Бүтүн Кыргызстанга” кире калыптыр. “Бөрү баласы ит болбойт” деген ушу. «Комиссар Катани» деп бул адамды идеал туткан айрымдар анын мындай кылык-жоругун түшүнө албай баштары маң.