Тилемчилик кылып жүргөн кайырчылар коомго терс маанай жараткандыктан, жарандар арасында нааразычылыктар күч алууда. Жогорудагыларды эске алуу менен Жалал-Абад ШИИБнин кызматкерлери «Кайырчы» аталышындагы рейдин уюштурушуп, кайырчылык менен алектенгендерди аныкташып, аларга түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишет.

Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан өткөн жумада жүргүзүлгөн рейдде тилемчилик кылган 16 жаран аныкталса, алардын ичинен 7 жаш өспүрүмдөр бар. Ошондой эле, рейд учурунда коомдук жайда, базар- түйүндөрдүн ичинде улгайган адамдын кейпине айланып кайырчылык кылган 20 жаштагы аял киши кармалды. Коомдук коопсуздукту сактоо багытында кайырчылардын өздүгүн аныкталып, жашаган жерлерине жөнөтүлдү. Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы