Бир акылман чымындан жакшыны сурасаң көргөн жокмун, жүргөн жерим таштанды, сасык жаман, кир, ааламда таза жер жок дейт экен. Аарыдан, жаманды сурасаң көрбөдүм мен жүргөн жерде жалаң жайкалган гүлдөр өсөт айлана жыпар жыттуу дейт экен. Анын сыңарындай мен да бир жаңылып, чымындар көп жүргөн жолго түшкөн окшойм деп ойлоп калам.

Мен тээ түштүктүн бир тоо астындагы айылда чоңойгом.  Мектепти аябай жакшы окудум. Ошол мектепте химиядан сабак берген агай мага көз салып жүрчү экен, мектепти бүткөндө инисине кудалап келишти. Ата-энем макул болушту, бирок мен, окуу жайды бүтүп анан турмушка чыгаарымды айттым. Ошентип алар мени кудалап кетишти. Мен Бишкектеги Медициналык окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктадым. Мугалимдер аябай мактачу, сенден кыйын врач чыгат деп.  Оюмда айылга барып ата-энемди көрүп, райондо ооруканада иштейм деген элем. Айылга бараар менен окууну бүтүң деп, баягы кудалаган балага күйөөгө берип салды. Ал кезде биз ата-энебиздин айтканынан чыкчу эмеспиз.   Макул болуп турмушка чыктым, жолдошум иштетет деп ойлодум.

 Турмушка чыккан соң жаңы келин болуп иштейсиңби? Кое тур, бир аз убакыт өтсүн деп жолдошум туруп алды. Бир аз өткөндө боюма бүттү. Ошентип удаа төрөп үйдөн чыкпай калдым. Балдарды чоңойтуп  кайра 6 ай окуп, эми эле жумушка кирээрде кокуй мен бизнес баштадым жардамдаш деп туруп алды.. Ойлоп көрсөм жолдошум мени кызганып эле ар кайсы шылтоону таап иштетпей жүргөн экен. Эсимде бир ирет, классташтар чогулуп отуралы деп калышты, аны билип калып дароо шылтоо таап, эчак каза болгон таэжесине куран окутканы жөнөп кеттик.  Ушунчалык момун аял экенмин эч бир каяша айтпадым. Ойлосом бир да жолу шым кийбептирмин.  Эң жаманы урбайт, сөкпөйт, бирок эч бир эркиндик бербейт. Ошончо окуган мээнетим,  алган билимим баары текке кетти. Балдар чоңойду, үй жайлуу болду эми иштейин десем дагы деле бут тосот. Жашың 50 дөн өтүп калды,  карыганда кайда иштемек элең калжаңдап, отур небере карап дейт. Бирок кызганган эркек баары бир жол беребейт экен иштегенге.