Бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилдерине даярдыктар көрүлүүдө. Республиканын министрликтери жана ведомстволору тарабынан көмүр сатып алууга конкурстар өткөрүлүп жатат жана көмүр жеткирүүгө келишимдер түзүлүүдө, айрым мекемелер боюнча көмүр жеткирүү иштери башталды”, — деп билдирди Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов.

Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына облустарда отун базаларын жана көмүр сатуу пункттарын ачуу боюнча иштери жүргүзүлүп жатат.