Эквадордон Кытайга импорттолуп келген тоңдурулган  креветкилер салынган кутулардын сыртынан  коронавирустун издери табылган. Бул окуя КЭРдин борбордук бөлүгүнө жайгашкан Сиань шаарында болгон. Эми бүт имаратты жана базардын кызматкерлерин санитардык көзөмөлдөн өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Вести.RUмаалымдады.

Ал эми дагы бир кытай базарында, Бразилиядан импорттолуп келген тооктун канаттары салынган кутулардын сыртынан да коронавирустун издери табылган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тамак вирустун жугушуна көмөкчү болбойт, анткени ал ысытуу процессинде (термобработка) жок болот деп айтышты. Ошол эле учурда ресторандар менен азык-түлүк сатуучу борборлор (дүкөндөр, базарлар) продуктылардын коопсуздугун камсыз кылуулары зарыл.

“Биз түшүнүп жатабыз, Кытай кутуларды тестирлегенин. Бир нече жүздөгөн кутулар тестирленген экен, 10 куту оң натыйжа берген. Чындыгында вирус кандайдыр бир мезгилге чейин ар нерсенин үстүндө калып калышы мүмкүн. Бирок, вирус кокус тамакта болсо, анда аны даярдап атканда (бышырганда), калган вирустар сыяктуу эле жок болот “, – деп билдирди, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өзгөчө оорулар тармагынын техникалык тобунун жетекчиси Мария Ван Керкхове.

Булак: Абал кж