Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы пандемия шарттарында санитардык талаптарды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Өткөн эс алууда бизде эс алууга убакыт болгон жок. Биз ар бир шаар тургунун, ишкерлерди КОВИД-19дан коргоо үчүн коомдук жайлардагы санитардык абалды текшердик.

Биз 90дой  чарба субъектисин текшерип, «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча 12 протокол түзүлдү. Айып пулдун суммасы 46 миң сомго жетти. Пандемия шарттарын бузгандардын катарында:  “Кайнар”, “Палацио”, “Сары Өзөн” ресторандары, “Абстракт” кафеси, ошондой эле, Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Народный” супермаркети, “Даамдуу” тез тамактануу жайы кирет.

Убактылуу режим киргизилгенден тартып СЭИ 1 миллион 477 сомго 339 протокол түздү.

Санитардык рейддер улантылууда.

Урматтуу ишкерлер! Сураныч, санитардык талаптарды сактаңыздар – бул вирус менен күрөшүүнүн жалгыз жолу.

Урматтуу шаар тургундары! Өтүнүч, куран окутууларды, тойлорду өткөрбөңүздөр! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Санитардык-экологиялык инспекциясы дайыма  байланышта: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 81

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.