Беларусиянын мамлекеттик телеканалдарынын жана басылмаларынын жүздөгөн журналисттери иш таштоого чыгышты. Бул тууралуу Tut.by кабарлады.

Минск шаарындагы   Белтелерадиокомпаниясы   (BTK) имаратынын жанында ачык микрофон уюштурулган, анда мурдагы жана учурдагы кызматкерлер сүйлөйт.

БТКнын башчысы Иван Эисмонт иш таштоочуларга келген жок. Ал жумушчуларга кетүү же кетпөө жөнүндө бир саат убакыт берген. Кызматкерлер ошол эле учурда, алар керек болсо туруштук бере тургандыгын билдирип, кызматтан кетүү же кетпөө жөнүндө  өздөрү чечим чыгарышаарын айтышкан.

ОТС жана СТВ телеканалдарынын кызматкерлери, BelTA басылмасынын журналисттери, бийликтен оппозициянын иш-аракеттерин чагылдыруу мүмкүнчүлүгүн талап кылгысы келгендер да иш таштоого кошулуу ниетин билдиришти.

Эске салсак, Беларуссиядагы нааразычылык акциялары 9-августтан бери уланып жатат. Жарандар президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарына каршы чыгышууда, ага ылайык учурдагы президент Александр Лукашенко 80 пайыздан ашык добушка ээ болду.

Миңдеген беларуссиялыктар жалпы элдик иш таштоого катышып, жаңы, адилеттүү шайлоону талап кылышууда. Атап айтканда, ага Беларуссиянын автомобиль заводунун (БелАЗ), Минск трактор заводунун (MTZ) жана башка көптөгөн ишканалардын кызматкерлери, Беларуссиянын Мамлекеттик филармониясынын кызматкерлери, Belavia авиакомпаниясынын кызматкерлери катышты. Лукашенко иш таштоолорду бийликтин «артына бычак уруу» деп атады.