Санкт-Петербургдун Шушара айылында бир киши чатактан кийин кызды балконунан ыргытып жиберген. Бул тууралуу РИА Новости бүгүн, 17-августта Россиянын Санкт-Петербург жана Ленинград облустарындагы Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Жаңжалдан кийин, ал кызды  балконго сүйрөп чыгып, үчүнчү кабаттан ыргытып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери үч шектүүнү кармашкан. Алардын бири Россияга кирүүгө тыюу салынган мигрант болуп чыкты. Ал өлкөгө башка ат  жана фамилия жасап жаңы паспорт менен келген.