Бишкек шаарынын мэриясынын командасында  кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Анарбеков Абдес Сыпарбекович ротация тартибинде КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Ротация жөнүндө буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов жана Ысык-Көл областынын губернатору Балбак Түлөбаев кол койду.