Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын бөлүктөрү тарабынан баңгизаттардын алынып келинүүсүн аныктоого жана бөгөт коюуга, баңгилик менен алектенген топторду кармоого багытталган баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча кызматкерлери тарабынан Афганистандан Кыргызстанга “апийим” баңгизатын ташып келип, сатып жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында БМЖКККнын кызматкерлери Кадамжай районунан Баткен облусунун аймагына киргизилип келген жана андан ары сатууга аракет кылып жаткан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалган. Андан 2 килограмм 040 грамм салмактагы “апийим” баңгизаты табылып алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча иштер жүргүзүүлүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы