Кайын энем аябай каардуу аял болчу. Өмүр бою бухгалтер болуп эмгектенди. Акча менен иштегендиктенби, ашыкча акча коротпой, сарамжалдап мамиле кылаар эле. Апабыздын уруксаты жок ашыкча эч нерсе ала алчу эмеспиз. “Балдарды да сарамжалдуулукка үйрөткүлө, акчаны ойду-келди коротуп, майда-чүйдө сатып ала бербегиле” деп тураар эле. Келин болуп келген алгачкы жылдары мындай кысымга көнө албай көпкө кыйналдым. Жолдошумдун да айлыгын алып алса аябай капа болчумун. Бирок үйдө эмне кем-карчыбыз болсо дароо акча берип турчу. Өтө зарыл учурда апабыздан акча сурап, каякка коротоорубузду айтып анан алчубуз.

Жолдошум апабыздын жалгыз уулу болгондуктан апасынын сөзүн эки кылчу эмес. Ал да апаман бетер ар бир кадамын санап, акчасын каякка, эмне максатта коротконун жазып турат. (күлүп) Мен мындай үй-бүлөдө чоңойбогонго азыркыга чейин эле чычалап, акчага канчалык кенен болсоң ошончо агып келет деп уруша кетем. Дайыма эле бир нерсе алаарда кеңеше берүү да ашыкча түйшүк деп ойлойм. Кыскасы биз эсеп-чот менен жашаган үй-бүлөбүз.

Бейиши болгур кайын энем жакында эле 70 жашка чыгаарда көз жумду. Апабыз жок ээнсиреп эле калдык. Апабызды жерге бергенибизден 10 күн өтпөй жер төлөгө кирип кыям алып чыгайын деп киргем. Кыям жабуу сезону башталып калгандыктан эскилерди алып чыгарып салайын деп банкаларды ташып жаткам. Караңгы жактан бир банканы күч менен тарта салсам эле банка жеңил эле суурулуп кетти. Жарыгыраак жакка алып чыгып карасам эле ичи толтура акча.

Муунумдун калчылдаганын сурабаңыз, дароо жолдошумду чакырып, үйгө кирип, бекинип  алып санап чыктык. (күлүп) Туура 300 миң сом экен. Апабыз көрсө акчаны сарамжалдап чогултуп жүрүптүр. Ашканага барам деп эле кээде-кээде жөнөп калчу. Бир топко чейин жер төлөнү текшерип анан чыкчу. Мен эмне эле ал жакка барып текшере берет, кыямды да аяп жатат окшойт деп капа боло берчүмүн. Апабызга аябай ыраазыбыз. Жолдошум акчага сарамжал бол, апамдан үлгү ал деп кубанып, үйгө зарыл бир нерсе алабыз деп жатабыз. Көрсө адам баласы бардык нерсенин жакшы жагын көргөнгө аракет кылбай эле жаман нерсени ойлой берет экенбиз. Апабызды жаман көрүп, акчаны аяйт эле дей берчүмүн, көрсө биздин камыбызды ойлочу турбайбы.