Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматов көчөсүндө жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-августка караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсү менен белгисиз айдоочу түндүктү көздөй бара жатып, Шампанвинкомбинатынын тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынан болжол менен 35-40 жаштагы аял окуя болгон жерде жан берген.


Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында “Toyota Estima” үлгүсүндөгү унаанын Э.А. аттуу 23 жаштагы айдоочусу кармалган. Шектүү жаран Бишкек ШИИББинин жол транспорт кырсыктарын тескеген тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, унаа айып короосуна токтотулган.