Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде COVID-19 вирусунан айыккан 318 адам ооруканалардан чыгарылды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 34 миң 885 адам айыкты.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 60 адам;
— Чүй облусунда 27 адам;
— Ош облусунда 71 адам;
— Талас облусунда 9 адам;
— Нарын облусунда 4 адам;
— Ысык-Көл облусунда 40 адам;
— Жалал-Абад облусунда 49 адам;
— Баткен облусунда 28 адам;
— Ош шаарында 30 адам айыкты.
Акыркы сутканын ичинде Кыргызстанда COVID-19 вирусунан 2 адам көз жумду. Көз жумган бейтаптын бири Бишкек шаарында, экинчиси Баткен облусунда.
Кыргызстанда вирустан жалпы 1498 адам каза болду.