Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 155 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта республикалык ыкчам штаб билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 40 адам;

— Ош шаарында 11 адам;

— Чүй облусунда 13 адам;

— Ош облусунда 14 адам;

— Ысык-Көл облусунда 24 адам;

— Жалал-Абад облусунда 24 адам;

— Баткен облусунда 12 адам;

— Талас облусунда 6 адам;

— Нарын облусунда 11 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 42 миң 146 бейтап катталды.

 Коронавирус аныкталган 155 адамдын арасында 3 медицина кызматкери бар. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, бир суткада 2 медицина кызматкери ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган медиктер Бишкек шаарында, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу жалпы 3038 медицина кызматкерине жугуп, алардын арасынан 2352 адам айыккан.