Өткөн жекшембиде, Калифорнияда «Өлүм өрөөнү» Улуттук паркында, биздин планетада расмий түрдө эң жогорку температура + 54,4 градуска чейин көтөрүлдү деп билдирет Би-Би-Си.

Буга чейин мындай жогорку температуранын чокусу, +54,0 градус менен 2013-жылы катталган.

Адистердин айтымында, АКШнын Батыш жээгиндеги жылуулук дагы бир жума уланат деп күтүлүүдө жана андан да күчөшү мүмкүн.

Ишемби жана жекшемби күндөрү Калифорнияда аба-ырайынын кесепетинен электр станциясында авария болуп, электр жарыгы өчүрүлгөн.