“Ата-Журт” партиясы “Мекеним Кыргызстандын” партиясына кошулду. Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстандын” штабы Фейсбук социалдык тармагы аркылуу  билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ата-Журт” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын лидерлери Акматбек Келдибеков жана Мирлан Бакировдор алдыдагы шайлоого бирге аттануу боюнча меморандумга кол коюшту.

“Бул биздин партияларыбыздын тарыхындагы маанилүү окуя. Биздин максатыбыз да, көз карашыбыз да окшош. Бул союз чыныгы өзгөрүүлөргө түртүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп үмүттөнөм”, — деп билдирген Мирлан Бакиров меморандумга кол коюу учурунда.